Вакансиялар
Резервке жарыя
Жарыяланган датасы:
13.08.2025
Акыркы күн
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.
Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- Кесиптик билим деңгээли:
- Жогорку билим
- Финансы-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Курулуш, Энергетика тармактарында.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Жалпысынан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
-Төмөнкүлөрдү билүү;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы №127 “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы;
- “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы;
- “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө”;
- “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамдары;
- “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
- Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- Кесиптик билим деңгээли:
- Жогорку билим
- Финансы-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Курулуш, Энергетика тармактарында.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
-Төмөнкүлөрдү билүү;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- “Жарандардык кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы №127 “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы;
- КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы;
- “Дене-тарбия жана спорт жөнүндө”;
- “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамдары;
- “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- Кесиптик билим деңгээли:
- Жогорку билим;
- Эмгек стажына талап коюлбайт;
- Финансы-экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык,Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык,Курулуш, Энергетика тармактарында.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
-Төмөнкүлөрдү билүү;
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- КРӨнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 19-июлундагы №127 “Электрондук башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”;
- “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
- “Үй-бүлө жөнүндө” Кодекси;
- “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы.
Конкурска катышууну каалагандар төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:
- Жеке арыз;
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен);
- Өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган;
- Ыйгарылган илимий даража же илимий наам жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Паспортунун көчүрмөсү.
Документтерди жарыя чыккан күндөн баштап, 10 иш күнүнө чейин Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча башкы адисине тапшырсаңыздар болот.
Дареги: Лейлек району, Раззаков шаары Г.Кошмуратов көчөсү-46, 3-кабат 0365650228, 0777142214.
Эскертүү: Конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана катыша алат.