Вакансиялар
Мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы менен Лейлек району — облус боюнча I орунду ээледи!
Жарыяланган датасы:
02.03.2026
Акыркы күн
Мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы менен Лейлек району — облус боюнча I орунду ээледи!
Предметтик олимпиаданын III облустук этабы 27–28-февраль күндөрү Кадамжай шаарында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча:
I орун — Лейлек району — 40 упай;
II орун — Баткен шаары — 24 упай;
III орун — Кызыл-Кыя шаары — 13 упай.
Аталган билим таймашына Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерден 39 окуучу катышып, жыйынтыгында төмөнкү окуучулар байгелүү орундарды камсыз кылышты:
1-орун — 8 окуучу
2-орун — 6 окуучу
3-орун — 5 окуучу
Жалпы жыйынтык боюнча 19 окуучу байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен 14 окуучу республикалык турга катышууга жолдомо алышты.
Лейлек районунун билим берүү тармагындагы бул жетишкендиги — жалпы эмгектин жана тынымсыз аракеттин жыйынтыгы болуп саналат.
Жеңиш жараткан окуучуларды, аларды даярдаган мугалимдерди жана ата-энелерди Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан чын дилибизден куттуктайбыз жана кийинки турга ийгиликтерди каалайбыз.