Көрүүсү начарлар үчүн версия

03.03.2025

Кароолор: (36)

ЖЕРГЕБИЗДИ КӨРКТӨНДҮРҮҮ-ЖАЛПЫБЫЗДЫН МИЛДЕТИБИЗ!

2025-жыл 2-март Лейлек районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Президенттинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасына ылайык 2025-жылдын 1-2-март күндөрү жалпы ишембилик өткөрүү жарыяланган.

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Б. Осмонбековдун жетекчилиги астында райондун аймагында бир катар көрктөндүрүү иштери, көчөттөрдү отургузуу, таштандыларды чыгаруу, суу кетүүчү арыктарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ишембиликке район аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып Лейлек токой чарбасына таандык Булак-Башы айылына 350 даана арча, сосна, бадам көчөттөрү эгилди.

Жолдордун бойлору, айылдар, мекеме-ишканалардын айланасы тазаланып, таштандылар чыгарылды.

Ошону менен катар Раззаков шаар мэриясы, Лейлек, Кен-Талаа айыл аймактарынын тургундары, ӨКМнин Лейлек районундагы бөлүмү, Лейлек токой чарбасы менен биргеликте селканаларга тал теректердин көчөттөрү, айыл аймактарга, жалпы мекеме-ишканалардын айланасына, бардыгы болуп -3990 даана, анын ичинен мөмөлүү -1956 даана, ийне жалбырактуу -230 даана, бадам-250 даана, тал-теректер ж. б. көчөттөр -1554 даана көчөттөр отургузулду.

Жалпы тургундарга районубуздун өсүп-өнүгүүсүнө өзүңүздөрдүн салымыныздарды кошунуздар. Айлана-чөйрөнү тазалоого, көрктөндүрүүгө активдуу катышыныздар!