Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.02.2026

Кароолор: (3)

“Үй-бүлөлүк зомбулук окуялардына натыйжалуу таасир этүү: субъекттерди координациялоо жана өз ара аракеттенүү” боюнча

2026-жылдын 26-февралында саат 10:00дө Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын инвестиция жыйындар залында  2026-жылдын          9-10-февралында Баткен шаарында болуп өткөн “Үй-бүлөлүк зомбулук окуялардына натыйжалуу таасир этүү: субъекттерди координациялоо жана өз ара аракеттенүү” боюнча ведомстволор аралык семинарына катышып, окуп келген тиешелүү адистердин окутуу семинары болуп өттү. Окуу семинарга: жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарлары (жооптуу катчылары), жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык адистери жана КР №63 мыйзаамында көрсөтүлгөн субъектердин адистери катышышты.
Окуу семинарга Лейлек районунун администрациясынын башчысы-акимдин орун басары У.И.Жеемуратов катышып, бир топ тапшырмаларды коюп, семинардын ишине ийгиликтерди каалады.
Окуу семинарга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси А.Жанжигитов- “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъектери (фнукциялары жана ыйгарым укуктары)”, Раззаков шаар мэриясынын социалдык коргоо боюнча башкы адиси Б.Насырова-“Жергиликтүү комиттеттердин иш-аткаруу тартиби боюнча”, Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын - Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо, майыптыгы бар жарандарга жана улгайган атуулдарга социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы  А. Джураева “Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча суюъектердин өз ара аракеттенишүусү”, Лейлек райондук ички иштер белумунун коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милицияцын капитаны -Ө. Камбаров “Зордук зомбулуктан жабырлануучуга жана зомбулук көрсөткөндөргө көрүлүүчү чаралар боюнча” жана Сүлүктүшаары жана Лейлек району боюнча пробация органынын жетектөөчү адисиА.Балтабаев “Ү-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оңдоп-түзөөчү программалар боюнча” темасында доклад окушту. Окуу семинарында катышуучулар ортосунда суроо-жооптор, талкуулар жүрүп, натыйжада район аймагындагы зордук зомбулуктун алдын алуу максатында биргелешип иш алып баруу жагы макулдашылды.