Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.02.2026

Кароолор: (7)

Соцконтракт боюнча

Бүгүн, 2026-жылдын 23-февраль күнү,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобону” бекитүү тууралуу жана 2025-жылдын 28- мартындагы №164 токтомдоруна ылайык, Лейлек райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан социалдык келишим түзүлгөн 33 үй  бүлөгө  150 000 (бир жүз элүү миң) сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул жарандар "Үй булөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын ичинен тандалып алынып, келечекте ар тармактар боюнча өз ишкердигин баштамакчы. Сертификаттар Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Жеңишбектин катышуусу менен тапшырылды. Ошондой эле 4 майып жаранга майыптык коляскалар да берилди.