13.10.2025
Кароолор: (28)
Шайлоону өткөрүү жөнүндө мамлекеттик кызматкерлерге эскертме
Бүгүн Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Жеңишбек мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында алдыдагы шайлоо кампаниясынын таза жана адилеттүү өтүшүн камсыздоо маселеси талкууланды. Аким бардык жетекчилерге жана кызматкерлерге административдик ресурстарды колдонууга тыюу салынарын катуу эскертти.
Мамлекеттик кызматкерлер шайлоо процесстерине бейтарап мамиле жасоого милдеттүү.







