Көрүүсү начарлар үчүн версия

10.01.2025

Кароолор: (25)

РАЙОНУБУЗДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛДЫ

РАЙОНУБУЗДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛДЫ

Бүгүн 2025-жылдын 10-январында Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылган “Келечек үчүн билим берүү”, “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында жергиликтүү бийлик аткарууга алып райондун аймагында 10 айылда 10 кыска мөөнөттүү балдар бакчаларынын ачылуу салтанаттары болду.

Бул бакчаларда 25 тайпа ачылып, кошумча 615 бала тарбияланат жана 25 адам жумуш менен камсыз болот.

Алгач Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонбеков Канымет Бийзакович сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. М. Исаков өкүлдүн атынан куттуктоосун айтты.

2024-жылдын башында мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтуу 23%ды түзгөн болсо, жылдын аягында 40%га жетишти.