28.05.2024
Кароолор: (39)
Мекен чегин коргогон чек арачыларды 28-май-Чек ара кызматкерлеринин күнү

Бугүн, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Осмонбеков Мекен чегин коргогон чек арачыларды 28-май-Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, райондун аймагындагы 2021 аскер бөлүгүнө барып, өз кызматтык милдетин так аткаргандыгы, күжүрмөн даярдыгы жана аскердик тартиби, үлгүлүү жүрүм туруму менен айырмаланган кызматкерлерин Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйлады. Жалпы аскер бөлүктүн кызматкерлери үчүн сыйлуу белектерин тапшырып, материалдык колдоо көрсөттү.