25.02.2025
Кароолор: (26)
Лейлек районунунда күз-кыш мезгилинде себилген шлактарды тазалоо иштери уланууда

Лейлек районунунда күз-кыш мезгилинде себилген шлактарды тазалоо иштери уланууда
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Б. Осмонбековдун протоколдук тапшырмасына ылайык, райондук №13 жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан “Ош-Баткен-Раззаков” унаа жолунун жээктерин жана жол тосмолорунун айланасын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаранын негизги максаты – айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн жол коопсуздугун камсыз кылуу, экологиялык тазалыкты сактоо жана жол инфраструктурасынын узак мөөнөткө туруктуулугун камсыз кылуу.
Күз-кыш мезгилинде унаа жолдоруна себилген шлак жана башка заттар жолдун сапатына жана экологиялык абалга терс таасирин тийгизет. Аталган тазалоо иштери жол кырсыктарынын алдын алууга, атмосферага зыяндуу заттардын таралышын азайтууга жана жолдордун узак мөөнөткө туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.
Райондук администрация жана тиешелүү мекемелер тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул иштер аймактагы жол инфратүзүмүн өнүктүрүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Ушул сыяктуу экологиялык жана инфраструктуралык демилгелердин үзгүлтүксүз улантылышы аймактын жашоочулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот.