Көрүүсү начарлар үчүн версия

27.05.2025

Кароолор: (36)

Лейлек районунун айыл аймактарын таза суу менен камсыздоо, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү

Климаттык туруктуулукту жана жамааттык бейпилдикти камсыздоодо суу ресурстарын башкаруунун ролу: Раззаков шаарындагы пилоттук иш-чаралардын мисалында

              Кыргыз Республикасында климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана жамааттардын туруктуулугун камсыздоо максатында "Мерсико Кыргызстан" уюму жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду тарабынан "Тынчтык үчүн суу: климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар" долбоору ишке ашырылууда. Бул демилге жергиликтүү жамааттардын суу ресурстарын башкаруудагы потенциалын жогорулатууга, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу жаратылыш менен адам ортосундагы гармонияны сактоого багытталган.

             Долбоордун алкагында Раззаков шаарында "Көйгөйлөрдү талдоо жана чечүү" темасына арналган окутуу тренингдери өткөрүлүүдө. Айрыкча, Ак-Арык жана Максат айылдарынын тургундары катышкан иш-чарада Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Рысов Чыңгызбек Абдижалилович сөз сүйлөп, климаттык өзгөрүүлөр шартында суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле долбоордун стратегиялык максаттарын баса белгилеп, жамаат ичиндеги демилгелүү топторду активдүү катышууга чакырды.

          Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып жаткан бул долбоор Кулунду, Ак-Арык, Раззаков, Интернационал, Максат, Эски-Оочу, Арка, Достук, Жаштык жана Борбордук айылдарын камтыйт. Жалпы суммасы 30 миллион сомдон ашкан инфраструктуралык иш-чаралардын алкагында таза суу менен камсыздоо, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо аракеттери жүргүзүлөт.

             Бул иш-аракеттер аймактык деңгээлде жаратылыш ресурстарын башкарууну жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган комплекстүү мамиленин мисалы болуп эсептелет.