22.08.2024
Кароолор: (29)
Лейлек районунун аймагынын авто унаа жолдоруна төшөлүп жаткан асфальт боюнча маалымат

Учурда Лейлек районунда унаа жолдорун оңдоо, асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Атап айтсак, Раззаков- Ак-Суу унаа жолуна асфальт жаткыруу иштери №13 жол тейлөө ишканасы тарабынан башталды. Быйылкы жылда бул жолдун 5 км аралыгын асфальттоо каралып, ага каражат республикалык бюджеттин эсебинен берилмекчи. Курулуш иштеринин жүрушүнөн райондун башчысы-аким К.Осмонбеков жерине барып, таанышып келди. Маалымат үчүн айтсак, жолдорду оңдоо иштери түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кулунду, Тогуз-Булак, Катраң айыл аймактарында, Раззаков шаар мэриясынын аймагында да жүрүп жатат.