13.09.2024
Кароолор: (29)
Лейлек районунун аймагында ишшембилик өткөрүү жөнүндө

Урматтуу районубуздун тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук ишембилик күнү жана 2023-2025-жылдарга карата тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2024-жылдын 14-сентябрь күнү республикалык ишембилик өткөрүү жарыяланды.
Ошого байланыштуу районубуздун бардык айыл аймактарында, коомдук жайларда, эс алуу парктарында , мекеме-ишканаларда, жолдордун бойлорунда айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо, абатташтыруу иштери жүргүзүлөт. “Эшигин көрүп төрунө өт ” дейт элибизде. Ар бирибиз жашаган, иштеген айланабызды иретке келтирип, таштандыдан арылтып алсак, келген коноктор, өзүбүз үчүн да жагымдуу болот деп ойлоймун. Андыктан эртенки уюштурулуп жаткан ишембиликке баарыңыздар толук чыгып, активдүү катышып беришиңиздерди сураймын, Сиздердин бул ишке көңүл кош карабай, түшүнүү менен кабыл алып, аталган иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүп берет деп ишенем.
Урматтоом менен,
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Осмонбеков