28.05.2024
Кароолор: (23)
Лейлек районунда килем фестивалы өткөрүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 28-майында Лейлек районунун мамлеккеттик администрациясынын демилгеси менен кол өнөрчү, уз-чеберлердин арасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлигинин колдоосу менен Лейлек районунун маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган "Кылым карыткан кыргыз килеми" жана "Өрмөк" 2-айлампа республикалык кароо-сынак фестивалы өткөрүлдү. Аталган фестивалга республиканын бардык аймагынан 100гө жакын кол өнөрчүлөр катышты. Фестивалды өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрүн сыйлоого Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлиги тарабынан каржыланды.