28.01.2026
Кароолор: (22)
Лейлек районунда 2025-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленген коллегиялык жыйын өттү.
Лейлек районунда 2025-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары каралып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленген коллегиялык жыйын өттү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мекеме ишканалар тарабынан Лейлек районунун экономикалык туруктуулугун сактоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн аткарууда бир катар жетишкендиктери белгиленди. 2025-жылдын жыйынтыгы менен райондо жалпы 789 млн сомдук өнөр жай продукция өндүрүлүп, инвестициянын жалпы көлөмү 2 млрд 481 млн сомго жетти.
Жыл ичинде:
448 жаңы жумуш оруну түзүлдү;
3 мектеп, бала бакча, спорт комплекси, айыл өкмөтүнүн имараты жана медициналык объектилер пайдаланууга берилди;
32 километрден ашуун жол асфальтталды;
Айыл чарба продукциясынын көлөмү 10,5 млрд сомду түздү.
Ошону менен катар Лейлек району социалдык-экономикалык өнүгүүнүн мыкты көрсөткүчтөрүнө жетишип, өлкө боюнча 1-орунду камсыз кылып, 3 млн сом байге фонду менен сыйланды.
Раззаков шаары — «Эң таза шаар» наамын алды, ал эми Кулунду айыл аймагы облуста 1-орунду ээледи.
Бул жетишкендиктер — жергиликтүү бийликтин, мекеме-ишканалардын жана элдин биргелешкен үзүрлүү эмгегинин жыйынтыгы.