27.06.2024
Кароолор: (33)
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесине, КРнын Эмгек кодексинин 294-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №565-токтомуна ылайык, КРнын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2024-жылдын 12-

2024-жылдын 27-июнунда Лейлек районунун Раззаков шаарында Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесине, КРнын Эмгек кодексинин 294-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №565-токтомуна ылайык, КРнын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2024-жылдын 12-июнундагы №01-18/2310 сандуу катын аткарууга алып, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2024-жылдын 2/202 буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуздугун сактоо, сууга түшүүчү, эс алуучу жайларда коопсуздук эрежелеринин сакталышын, балдар эмгеги жана анын эң начар формаларына тартуунун абалын карап чыгуу максатында рейд жүргүзүлдү. Бул багытта комиссия мүчөлөрү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башкы адиси И. Мирсаитов, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун дарыгерлери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмчөсүнүн инспекторлору жумуш алып барууда. Рейд жүргүзүүдө бир катар балдардын эмгегин пайдалануу учурлары катталды.