Көрүүсү начарлар үчүн версия

24.03.2026

Кароолор: (11)

Бүгүн, 2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын негизинде Лейлек райондук маданият үйүндө маанилүү жыйын өткөрүлдү.

Бүгүн, 2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын негизинде Лейлек райондук маданият үйүндө маанилүү жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек, КР Ички иштер министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жукенов Улан Койчиевич, Сүлүктү шаарынын мэри Б.Абдыжапаров, ошондой эле жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты –
✔️ зордук-зомбулуктун алдын алуу
✔️ жол коопсуздугун камсыз кылуу
✔️ кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Жыйынга Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар активдүү катышып, өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Мындай жолугушуулар коомдогу коопсуздукту камсыз кылууга жана эл менен бийликтин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.