24.06.2025
Кароолор: (7)
Балдарга жайкы эс алууну уюштуруу

2025-жылдын 24-июнь күнү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Осмонбеков "Алтын Бешик" лагеринин даярдыгын жеринен көрүп, балдарды кабыл алууга даярдык боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип келди. Ал эми бүгүн лагерде эс алуунун биринчи агымы башталып,билим берүү тармагынын кызматкерлеринин балдарынан турган алгачкы топ 7 күндүк эс алууга жөнөп кетишти. Бул агымда 100 бала эс алса, кийин дагы эки агым уюштурулуп, аларда да 100 дөн бала эс алат. Бул иш чараны каржылоо билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун, ошондой эле мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен ишке ашууда.