02.12.2025
Кароолор: (18)
Аким менен ачык диалог
Аким менен ачык диалог: Уңгу жол, учур жана келечек
Бүгүн, 2025-жылдын 2-декабрында, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жеңишбек Асылбек райондун активдүү жаштары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар менен түз байланыш түзүп, алардын ой-пикирлерин угуу, райондук өнүгүү багытындагы сунуштарын кабыл алуу жана учурдагы жаштар саясатынын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
Жолугушуу учурунда жаштар өздөрүн кызыктырган бир катар маселелер боюнча суроолорун беришти. Атап айтканда:
• Лейлек районунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсү,
• жаштарга жаралган шарттар жана мүмкүнчүлүктөр,
• билим берүү, спорт, маданият тармактарындагы долбоорлор,
• жаштар үчүн бөлүнгөн гранттардын көлөмү жана механизмдери,
• жаш ишкерлерге жана демилгелүү топторго көрсөтүлө турган колдоолор талкууланды.
Аким жаштардын ар бир суроосуна кеңири жооп берип, учурда жүрүп жаткан долбоорлор, жакынкы пландар жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган аракеттер жөнүндө маалымат берди. Ал жаштардын демилгеси район үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, жаштардын үнү ар дайым көңүл борборунда болорун баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар өз идеяларын, сунуш-пикирлерин жана аймакты жакшыртууга багытталган автордук долбоорлорун да бөлүшүштү. Аким аларды активдүү болууга, коомдук жашоого аралашууга жана аймактык өнүгүүгө өз салымын кошууга чакырды.
Ошондой эле жолугушууда маанилүү жаңылык жарыяланды:
2026-жылы Лейлек районунун өнүктүрүүгө багытталган “100 идея” аттуу чоң долбоордук сынак өтөөрү маалымдалды. Бул сынак жаштардын чыгармачылыгын, демилгечилдигин колдоп, райондук өнүгүүгө жаңы дем берүү максатын көздөйт. Аким жаштарды бул сынакка активдүү катышууга чакырып, ар бир катышуучуга ийгилик каалады.
Иш-чара жылуу, ачык жана конструктивдүү диалог форматында өтүп, жаштар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадамдардын бири катары бааланды.