17.05.2024
Кароолор: (24)
"Поэзия-ыйык нуру, чындыктын жан дүйнөңдү аруулантып жаркыткан" темасында ыр майрам өткөрүлдү

Бүгүн, Лейлек районунда жыл сайын салтка айланып калган "Поэзия-ыйык нуру, чындыктын жан дүйнөңдү аруулантып жаркыткан" темасында ыр майрам өткөрүлдү. Ыр майрамга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Б.Осмонбеков, Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, акын Турабай Жороев, Өзбекистан Республикасынын Андижан облусунун жазуучулар союзунун төрайымы Фарида Онис, акын-жазуучулар жана ыр суйгөн чыгармачыл инсандар катышты. Иш чараны "Ата-Журт-Лейлек" гезитинин редактору, жазуучулар союзунун мүчөсү Абдилаат Дооров уюштуруп, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан өрүкзар акын-жазуучуларына Ардак грамоталар тапшырылып жана келген конокторго ыраазычылыктар айтылды.