15.03.2024
Кароолор: (44)
31 миллион сом сарпталган: Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири оңдолуп, суу бере баштады

Өлкөдөгү эң чоң насостук станциялардын бири Лейлектеги «Арка» каскаддык насостук станциясы толук оңдолуп, суу бере баштады.
Азыркы учурда аталган насостук станция толук ишке кирген.
«Арка» каскаддык насостук станциясы тарабынан Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагына жалпысынан 3111 гектар жерге суу жеткирилет. Азыркы учурда толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, суу айдалууда.
Арка» насостук станциясы 1982-жылы ишке киргизилген.
Базарбай Асанов Кыргызстандагы эң чоң насостук станциялар Лейлек районунда жайгашкан. Аларды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 31 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Мындан сырткары Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү сыйымдуулугу 129 миң куб метр болгон суу сактагычты оңдоого 11,2 млн сом бөлүнүп, иштер аяктап калды.
Лейлек районунун жалпы 11 миң гектар сугат аянттарынын 54% насостук станциялардын жардамы менен суу жеткирилет. Жалпысынан 13 насостук станция бар. Жакында дагы 2 насостук станция бизге өтөт. Станцияларды оңдоп- түзөөгө 31,3 млн сом каралган.
Кыргызстандагы эң чоң насостук станциялар бизде жайгашкан. Мисалы Сыр-Дарыя, Кайрак-Кум суу сактагычынан суу тартып берип турган Арка каскаддык насостук станциясы дагы оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Аны менен бирге Баул айылындагы суу сактагыч Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өтүп жатат. Аны оңдоп-түздөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.