Көрүүсү начарлар үчүн версия

23.02.2026

Кароолор: (5)

23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерттик маанай тартууланды

Бүгүн Лейлек райондук маданият үйүндө  23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүнө жана 25-февраль - 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларын урматтоо күнүнө карата  салтанаттуу  иш чара болуп өттү.  Салтанатка чек ара бөлүктөрүнүн жоокерлери, мекеме-ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты. Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары У.Жеемуратов сөз сүйлөп, райондун башчысы- аким А.Женишбектин, өзүнүн атынан мекен коргоочуларын куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Чыгып сүйлөшкөн, Лейлек райондук Аялдар кеңешинин төраймы Э.Эржигитова, Раззаков шаарынын мэри А.Жоробаев, Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы С.Саматов, Лейлек райондук бириккен аскер комиссариатынын бөлүм башчысы М.Шүкүров, 2021 аскер бөлүгүнүн командири  Ш. Тангиров, тажик-афган чек арасында кызмат кылган жоокерлер бирикмесинин төрагасы  Ж. Осмоновдор да өз каалоолорун айтышып, грамота жана алкыш барактарын тапшырышты. Андан кийин маданият кызматкерлери тарабынан салтанаттын катышуучуларына спектакль жана концерт коюлуп, олтургандарга майрамдык маанай тартууланды.