07.06.2024
Кароолор: (45)
023-2024-жылдары БУУнун Аялдар уюму, БУУнун Азык-түлүк программасы, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму жана Жарандык платформа уюму, Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматта

2023-2024-жылдары БУУнун Аялдар уюму, БУУнун Азык-түлүк программасы, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму жана Жарандык платформа уюму, Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта БУУнун "Тынчтыкты куруу" Фонду тарабынан каржыланган "Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн – Аялдар тынчтык тиреги" долбоорун ишке ашырып келет. Бул долбоор Лейлек районунун Лейлек, Тогуз-Булак, Сумбула жана Кең-Талаа айыл аймактарында ишке ашырылууда жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын алдыңкы ролу белгиленип, гендердик өнүгүүгө багытталган мамлекетибиздин улуттук артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет. Долбоордун алкагында аталган аймактардагы балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп окуучулар арасында сүрөт тартуу, жогорку класстын окуучулары арасында Баткен облусунун маанилүү символикаларынан сүрөт тартуу жана дил баян жазуу боюнча сынак жарыяланып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Сынакты уюштуруп өткөрүүгө салым кошкон Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына жана билим берүү бөлүмүнө фонд тарабынан ыраазычылык билдирилди.