19.02.2026
Кароолор: (8)
🏅 Лейлектин сыймыгы!
Лейлек районунун окуучусу Имран Субанкулов дүйнөлүк олимпиадага катышып, алтын медаль утуп келди. Ал Америка Кошмо Штаттарында өткөн эл аралык олимпиадада математика сабагы боюнча катышып, 8-класстын окуучулары арасында I орунду ээледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан жалпы 2 алтын медаль болсо, анын бири Имран Субанкуловго таандык болду.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Имранды жана анын окутуучусун кабыл алып, балдарга билим жана тарбия берүүдөгү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Имранга белек тапшырды.
Имран — биздин келечегибиз, биздин сыймыгыбыз! 🇰🇬

