Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

Мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы менен Лейлек району — облус боюнча I орунду ээледи!

Жарыяланган датасы:

02.03.2026

Мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы менен Лейлек району — облус боюнча I орунду ээледи!

Предметтик олимпиаданын III облустук этабы 27–28-февраль күндөрү Кадамжай шаарында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча:
I орун — Лейлек району — 40 упай;
II орун — Баткен шаары — 24 упай;
III орун — Кызыл-Кыя шаары — 13 упай.

Аталган билим таймашына Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерден 39 окуучу катышып, жыйынтыгында төмөнкү окуучулар байгелүү орундарды камсыз кылышты:
1-орун — 8 окуучу
2-орун — 6 окуучу
3-орун — 5 окуучу

  Жалпы жыйынтык боюнча 19 окуучу байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен 14 окуучу республикалык турга катышууга жолдомо алышты.

Лейлек районунун билим берүү тармагындагы бул жетишкендиги — жалпы эмгектин жана тынымсыз аракеттин жыйынтыгы болуп саналат.

Жеңиш жараткан окуучуларды, аларды даярдаган мугалимдерди жана  ата-энелерди Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан  чын дилибизден куттуктайбыз жана кийинки турга ийгиликтерди каалайбыз.

  Кароолор (6)