Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Лейлек районунун аймагында жазгы талаа жумуштары
Жарыяланган датасы:
28.03.2024

2024-жылдын 27-март күнү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Осмонбеков жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнөн кабар алып, дыйкандар менен жеринде жолугушту. Дыйкандар менен баарлашып, үрөөн, кызмат көрсөткөн техникалардын жетиштүүлүгү боюнча маалымат алды.