Көрүүсү начарлар үчүн версия

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Лейлек районунунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча 2026-2027-жылдарга иш-чаралар планы

Жарыяланган датасы:

23.02.2026

Бүгүн, 2026-жылдын 23-февралында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын инвестиция залында  коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны  ишке ашыруу боюнча 2026-2027-жылдарга  иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Жеңишбек, акимдин орун басарлары, аппараттын кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” № 137 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” №193-б буйругу менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш- чаралар планына (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) толуктоо катары Лейлек районунун аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу үчүн  2026-2027-жылдарга иш-чаралардын планы, Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы “2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” № 29 токтому аткаруу үчүн талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. 

  Кароолор (2)