Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында коррупция, жер мунапысы жана аткезчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү
Жарыяланган датасы:
20.01.2026
Бүгүн 2026-жылдын 20-январь күнү саат 10:00дөЛейлек районунун мамлекеттик администрациясынын инвестиция тартуу залында Кыргыз Республикасынын
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Шаменовдун жетекчилигинде онлайн форматта жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын
башчысы-аким А.Жеңишбек, райондук соттун төрагасы, райондук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жер мунапысы менен иш алып барган адистери катышты. Күн тартибинде коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, жер мунапысы жана аткезчиликке каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө маселелер каралды. Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус аймагында прокуратура органдары тарабынан 20 мыйзам бузуу учурлары катталган болсо, анын ичинен КОРРУПЦИЯга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон. Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов жетекчилерге мыйзамсыз иш аракеттерден оолак болуу керектигин айтып, “облусту алга жылдыралы, артка тартпагыла, зор жоопкерчилик менен таза иштеп бергиле” деп эскертти.