Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат
Коррупциянын алдын алуу боюнча райондун аймагында иштеп жаткан ишкерлер менен күч түзүмдөрунун катышуусунда жыйын өткөрүлдү
Жарыяланган датасы:
11.07.2025

Бүгүн, 2025-жылдын 11-июль күнү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Осмонбеков Лейлек районунун аймагында иштеп
жаткан ишкерлер менен райондук прокуратуранын, ички иштер башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү
мекемелердин жетекччилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкерлерге мыйзамдуу иш алып барууна жана обьектилерди
мөөнөтүндө бүтүрүү жагын эскертти. Ошону менен бирге курулуш иштерине тоскоол болуп жаткандар болсо кайрылып, маалымат берүү жагын айтып өттү. Райондук прокуратура тарабынан
кээ бир кичи курулушка керектүү буюмдар сметага кирбей калып, башка материалдан эсебинен бүтүрүп койом деген ойдо иш алып барып, мыйзам бузууларга жол берилип жатканы эскертилди. Андан сырткары жергиликтүү өз алддынча башкаруу органдары тарабынан мониторинг жеткиликтүү жүргүзүлбөй жатканы эскертилди. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан курулушу жүрүп жаткан обьектилерде коңушу мамлекеттен келип иштеп жаткан жарандар мыйзам чегинде катталып иш алып баруу жана курулушка тскоол жарандар болсо кайрылуу жагын эскертти. Раззаков шаар мэри тарабынан айыл аймакты өнүктүрүүдө алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтып, мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн Архитектура, прокуратура жана башка мекеме ишканалардан мыйзамдуу иш алып барууга жардам берүү жагын суранды.