Район жөнүндө
Лейлек району
Кыргызстандын түштүк-батыш аймагында жайгашкан Лейлек району Тажик Республикасынын тогуз район-шаарлары менен чектешип турат.
Бишкек шаарынан 1135 чакырым аралыкта жайгашкан аталган район 1928-жылы уюшулган. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%-ин түзөт). Калкынын саны 153,0 миң. Борбору-Раззаков шаары. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Лейлек деп аталып калышынын себеби уламыштарда мындай айтылат. Абасы таза, жери кооз бул аймакты бир мез Илек-илек куштары мекендеп турган дешет. Эч кимге зыяны жок тынчытыкты сүйгөн бул куштарды ниети бузук, бир адам атып коет. Ошондон улам, көп жылдар бою түнөк тутуп байырлап келген куштар башка жактарга учуп кеткен дешет. Илек-илек деген сөз кийинчерээк тыбыштык жактан өзгөрүп Лейлек аталып калыптыр.